• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте окуучуларга баңгизаттардын зыяндуулугу тууралуу лекция окулду

Коом 0


Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы №65, №67 орто мектептеринин 9-10-классттарынын окуучуларына "Биз Кыргызстандын саламаттыгы үчүн" темасында лекция окушту.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, лекцияны милициянын подполковниктери Каныбек Усенов жана Умида Исматова жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психикалык ден-соолук борборунун бөлүм башчысы Тинатин Сагынбаева баңгизаттарды колдонуу же сактоо учурунда юридикалык жоопкерчилик каралгандыгын эскертип, кандай жагдайларда баңгизаттарды колдонууга кабылып, терс кырдаалдарга алып келиши тууралуу маалыматтарды жеткиришти.

Жалпысынан укук бузуулардын, анын ичинде баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу, ар бир адамдын жана бүтүндөй улуттун ден-соолугуна кам көрүү мамлекеттин жана коомдун маанилүү милдети болуп саналат.

Лекциянын жыйынтыгында активдүү болгон мектеп окуучуларына БМЖКККнын логотиби түшүрүлгөн атайын белектер тапшырылды.

Өз кезегинде мектеп окуучулары баңгизаттар колдонуунун зыяндуулугу тууралуу маалыматтарды кеңири жеткиришкендиги үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери туруктуу негизде алдын алуу профилактикалык иш-чараларды өткөрүп келет.

Пикир

Оставить комментарий