Бишкекте оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 4-март күнү оор атлетика боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде эркектер жана кыз-келдиндер арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов жана оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов катышты.

Мелдешке өлкө аймактарынан келген спортчулар катышууда. Чемпионат эртең, 5-март күнү жыйынтыкталат.

Спортчулар төмөнкү салмакта катышууда:

Эркектер арасында: 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг;

Кыз-келиндер арасында: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, +76 кг.

Белгилей кетсек, оор атлетика боюнча республикалык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине алдындагы Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий