• 87
  • 90.43
  • 0.88

Бишкекте Орто Азия темир жолунун өнөрканасы ачылды

Коом 0

Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Бүгүн № 97 темир жолчулардын кесиптик лицейинде Моцзы өнөрканасы ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Кытайдын Ляонин темир жол кесиптик-техникалык колледжи менен биргеликте ишке ашырылды.

Иш-чарага билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Данияр Акбар уулу, № 97 темир жолчулардын кесиптик лицейинин директору Алберт Колопов, окуу жайдын жамааты жана Ляонин темир жол кесиптик-техникалык колледжинин ректору - профессор Юэ Гуйсинь катышты.

Алгач № 97 темир жолчулардын кесиптик лицейинин тең уюштуруучусу болгон И. Раззаков атындагы КМТУда тегерек стол өттү. Анда Догдуркүл Кендирбаева Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу эртең расмий түрдө башталарын, бул өлкөлөр ортосундагы өтө чоң экономикалык соода байланышына алып келерин айтты.

“Бирок темир жолду куруу, тейлөө үчүн эң жогорку кесипкөй адистерди даярдоо силерге байланыштуу. Кытай – жол технологиялары, темир жол, асма көпүрө, жер алдындагы жол түйүндөрүн салуу боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкө. Баарыбыздын максатыбыз – дүйнөнүн эң алдыңкы окуу жайынын тажрыйбасын терең үйрөнүп, жаңы технологияларды, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өзүбүз үчүн эң мыкты кесипкөй адистерди даярдап чыгуу”, – деди министр.

Ошондой эле министр темир жол куруу ишканаларынын өкүлдөрүнө студенттердин такшалмадан өтүүсүнө, мугалимдердин жеринде практикалык билим алуусуна шарт түзүүнү сунуштады.

Ал эми № 97 кесиптик лицейдин директору А. Колопов Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун алкагында жаңы багыттагы адистерди даярдоо керектигин белгиледи.

“Биз темир жол жаатындагы адистерди даярдаган жападан жалгыз окуу жайбыз. Адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу максатында ушул өнөркана ачылып, ага керектүү жабдуулар алынды. Кытайдан адистер келип, студенттерибизди окутуп, тажрыйба алмашышат”, – деди А. Колопов.

Белгилей кетсек, долбоор президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген. Ага ылайык, темир жол транспорту тармагында жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо үчүн Орто Азия темир жолунун Моцзы өнөрканасы ачылып, поезддердин кыймылын уюштуруу жана көзөмөлдөө, темир жолду куруу жана оңдоо үчүн заманбап техника менен жабдылды.

Пикир

Оставить комментарий