• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте орус тили боюнча дил баян сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 18.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Улуттук тарых музейинде "Российская газета" басылмасынын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү орус тили боюнча 6-11 класстар арасындагы дил баяндын V республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады.

"Кыргызстанда бул сынак бешинчи ирет өткөрүлүп жатат. Сынакка өлкөнүн 170ке чукул мектеби катышып, 1 миңден ашуун дил баян келип түштү. Ар бир дилбаянды калыстар тобу кылдаттык менен текшерди. Себеби, буга чейин окуучулардын ата-энелери жардам берген же интернеттен көчүрүп койгон учурлар кездешкен ", — деди "Российская газета" басылмасынын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар тапшырылып, алгачкы үч орунга уюлдук телефондор, ал эми эң мыкты 40 эссеге сертификаттар тапшырылды.

Дилбаян сынагы "Российская газетанын" өлкөдөгү орус тилин өнүктүрүү боюнча Борбор Азия өкүлчүлүгү тарабынан жана Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын директору Айчүрөк Самакованынын үй-бүлөсүнүн колдоосу менен уюштурулган.

Белгилей кетсек, бул жолку сынактын темасы азыркы адабий орус тилинин негиздөөчүсү болгон улуу акын жана жазуучу Александр Пушкиндин 225 жылдык мааракесине арналган.

Пикир

Оставить комментарий