• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте пара алып жаткан жеринен милициянын ыкчам кызматкери менен тергөөчү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Бишкекте пара алып жаткан жеринен милициянын ыкчам кызматкери менен тергөөчү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматына Б.Э. аттуу жаран кайрылган. Анда Искен жана Каниет аттуу милиция кызматкерлери март айынан тартып арыз ээсинин телефонунан жүктөлгөн видеожазууларды таратпоо үчүн 15 миң сом акча талап кылып жатышканын билдирген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

3-июнда саат 20:20лар чамасында ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде талап кылынган сумманы алуу учурунда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү А.И. жана тергөөчү З.К.З. кармалышкан. Жеке тинтүү учурунда кармалгандардан буюм далилдери табылып, алынган.

Кармалгандар сурак жана башка тергөө аракеттеринен кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий