• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте пара стол тенниси боюнча шаар биринчилиги өттү

Спорт 0

Бишкек, 18.04.23./Кабар/. Бишкекте пара стол тенниси боюнча шаар биринчилиги өттү

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын базасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында өттү.

Мелдешке Чүй, Нарын жана Баткен облустарынан 31 теннисчи жана Бишкек шаарынан 28 теннисчи катышты.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:

Стол тенниси боюнча эркектер арасында:
Байботоев Абдикуттуз – 1-орун;
Төлөбеков Төлөмүш – 2-орун;
Урманбетов Жолдошбек – 3-орун.

стол тенниси боюнча балдар арасында:
Кожокулов Кудайберген – 1-орун;
Сүйөрбеков Айбек – 2-орун;
Төлөмүшев Айдин – 3-орун.

Сурдо стол тенниси боюнча эркектер арасында:
Исманалиев Мирбек – 1-орун;
Сагынов Айдин – 2-орун;
Ниязов Мухридин – 3-орун.

Сурдо стол тенниси боюнча аялдар арасында:
Урматбек кызы Алина – 1-орун;
Акимова Аделя – 2-орун;
Халилова Орозгуль – 3-орун.

Сурдо стол тенниси боюнча 2010-2015-жылы туулган балдар арасында:
Абдыкадыров Ариет – 1-орун;
Уланбеков Эльдар – 2-орун;
Инкамов Бексултан – 3-орун.

Сурдо стол тенниси боюнча 2010-2015-жылы туулган кыздар арасында:
Сыдыкова Адела – 1-орун;
Увайдуллаева Ангелина – 2-орун;
Исмаилова Айбике – 3-орун.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштер боюнча департаменти Кыргызстандын Майыптар арасындагы стол теннисин ойно федерациясы менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий