• 87
  • 90.64
  • 0.85

Бишкекте практикалык ок атуу боюнча шаар чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Бишкекте практикалык ок атуу боюнча шаар чемпионаты өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарада катышуучулар 9х19 мм калибриндеги тапанчадан жана 9х19 мм тапанча калибриндеги карабинден атуу боюнча жарышты.

Мэриянын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти менен Кыргызстандын Ок атуу спорт федерациясы тарабынан уюштурулду.

PC Iron дисциплинасы боюнча эң мыкты мергенчилер аныкталды:

  • 1-орун – Евгений Копылов, 100.00%, 412.7328 упай, (senior категориясы)
  • 2-орун– Олег Пантенков, 96.98%, 400.2888 упай, (senior категориясы)
  • 3-орун – Константин Бахарев, 95.65%, 394.7806 упай.


Чемпионат Бишкек шаарындагы спорттук иш-чаралардын арасында ордун таап, практикалык ок атуунун сүйүүчүлөрүн бириктирип, ок атуу спортуна болгон кызыгууну жайылтууга өбөлгө түздү.

Пикир

Оставить комментарий