• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Азия чемпиону Айпери Медет кызы: Өзүмдүн күрөшкөнүмө 100 пайыз канааттанган жокмун

Спорт 0

Бишкек, 28.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Азия чемпиону Айпери Медет кызы мелдешке болгон даярдыгы тууралуу сөз кылды.

“Бардык спортчулар мелдештерге алтын үчүн барат. Мен дагы ошол максатты коюп, аябай жакшы даярдык менен баргам. Өзүңүздөр билгендей, буга чейинки Азия оюндарында эки ирет күмүш байгеге татыгам. Бул жолкуда алтын медалды тагындым. Бирок өзүмдүн күрөшкөнүмө 100 пайыз канааттанган жокмун. Анткени машыктыруучулар койгон талапты толук аткара алган жокмун”, - дейт спортчу.

Медет кызы аталган мелдешке чейин колунан жаракат алганын айтып, ага карабастан килем үстүнө чыкканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатында Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алтын медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий