• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалга татыды

Спорт 0

Бишкек, 23.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Монголиядагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалга татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Коло үчүн кармашта Сманбеков 57 кг салмакта өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевге каршы килем үстүнө чыкты. Эки балбан тең бири-биринин артынан упай алып жатты. Жыйынтыгында Алмаз Сманбеков 13:7 эсебинде алдыга кетип, коло медалды камсыздады.

Кыргызстандык спортчу мелдештин чейрек финалынан баштап күчүн сынап, алгач кореялык балбанды утуп алган. Жарым финалда казакстандык спортчуга бир упайга жеңилип, үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө чыккан.

Азия чемпионатында грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчулар жалпы тогуз медаль багындырышты:

Алтын медаль:

Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;

Тынар Шаршенбеков - 63 кг;

Акжол Махмудов - 77 кг;

Айпери Медет кызы - 76 кг.

Күмүш медаль:

Айсулуу Тыныбекова - 62 кг;

Мээрим Жуманазарова - 68 кг.

Коло медаль:

Адилхан Нурланбеков - 72 кг;

Үзүр Жузупбеков - 97 кг;

Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий