• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте президенттин катышуусунда хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өтөт

Спорт 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Бишкек шаарында өтө турган 2022-жылда IV дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу астында өтүп жаткан бул спорттук мелдеште Кыргызстан, Кувейт мамлекети, Малайзия, Сингапур жана Ирандын командалары күч сынашат.

Турнирге ошондой эле IIHF президенти Люк Тардиф келет.

Салтанаттуу азем КТРК түз эфиринде чагылдырылат.

Башталышы - 19:25.

Пикир

Оставить комментарий