• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык боксчулар Сербияда өткөн эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Сербияда өткөн Belgrade Winner эл аралык мелдешинде 3 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 22-27-апрель күндөрү Белград шаарында (Сербия) өттү.

Азат Үсөналиев (52 кг) жана Акылбек Эсенбек уулу (57 кг) күмүш медаль тагынышса, ал эми Өмүрбек Бекжигит уулу (75 кг) 3-орунду ээлеп, коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, спортчулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан сапарга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий