• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнө чемпионатында калыстык кылган Букуев: Финалдык оюнду тейлөө карьеранын туу чокусу

Спорт 0

Бишкек, 07.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык рефери Нурдин Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпионатында төртүнчү ирет калыстык кылып, дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев билдирди.

Анын айтымында, Литва шаарында өткөн футзал боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында Букуев калыстык кылды.

“Биздин мекендешибиз дүйнөлүк беттеште калыстык кылганын мактануу менен айтсак болот. Нурдин Букуев төртүнчү ирет Дүйнө чемпионатында рефери болду”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, финалдык беттеште Аргентина менен Португалиянын курамалары оюн өткөрүп, Португалия 2:1 эсебинде жеңүүчү болгон.

FIFA уюмунун рефери Нурдин Букуев буга чейин дүйнөлүк деңгээлдеги беттеште бир дагы калыс төрт ирет рефери болгон эместигин айтат.

undefined

“2006-жылы эл аралык даражадагы калыс наамын алып, 2007-жылдан бери алты Азия жана төрт Дүйнө биринчилигинде рефери болуп келдим. Алсак, 2008-жылы Бразилияда, 2012-жылы Тайландда, 2016-жылы Колумбияда жана быйылкы 2021-жылы Литва шаарындагы Дүйнө чемпионатын тейледим. Литвадагы мелдешти тейлөөгө жалпы 39 калыс чакырылган. Мени жана кесиптештеримди кандай критерийлердин негизинде тандагандыгын айта албайм”, - дейт Букуев.

Ал финалдык беттешти тейлөө ар бир калыстын кыялы экендигине токтолду.

“Анткени бул карьеранын туу чокусу десем болот. Маанилүү оюнда жумушту так аткарыш керек”, - деди кыргызстандык калыс.

Белгилей кетсек, Нурдин Букуев баштаган калыстар тобу FIFA уюмунун президенти Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алган.

Пикир

Оставить комментарий