• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте президенттин катышуусунда "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү – сүрөт

Президент 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Бүгүн А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында президент Садыр Жапаровдун "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү иш-чараны жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрүнүн жетишкендиктерин гана эмес, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүн чагылдырган окуя катары да сыппаттаса болорун айтты.

“Мейкин” сыйлыгы – жөн эле журналисттердин көңүлүн алуучу сыйлык эмес, бул – журналисттик принциптерге таянуу менен Кыргызстанды жаркын келечекке, жаңыча ой жүгүрткөн коом курууга күн сайын жакындаткандар үчүн уюштурулган сыйлык. Бул калеми мененби же фото, видео-камерасы мененби, айтор, азыркы Кыргызстандын көп кырдуу портретин тартып, анын татаалдыгын да, таасирдүү жетишкендиктерин да чагылдырып, улутубуздун тарыхый эс тутумун калыптандыргандар үчүн сыйлык”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров журналисттерди жеңиши менен куттуктап, аларга "Мейкин" сыйлыгынын статуэткасын, ошондой эле бир миллион сомдук сертификаттарды тапшырды.

"Мейкин"-2024 сыйлыгынын лауреаттары төмөнкүлөр:

  • Айсулуу Асанбекова, УТРКнын кабарчысы - “Бир эл – бир түндүк” номинациясы;
  • Аскар Маратов, ЭлТРдин оператору -"Керемет Кыргызстан" номинация;
  • Мария Индина, "Акчабар" финансы порталынын башкы редактору -“Салык өнүгүүгө салым” номинациясы;
  • Алимжан Алибеков, "Кут Билим" басылмасынын редактору - “Билим келечек” номинациясы;
  • Гүлбарчын Молдоева, УТРКнын Ысык-Көл облусундагы кабарчысы -"Куттуу элет" номинациясы;
  • Аида Аматбекова, "МИР" МТРКнын кабарчысы - "Мекен жана мен" номинациясы;
  • Дооронбек Адаханов, YouTube-блогер - "Мекендештер" номинациясы;
  • Рахат Кыдыртоктоева, ЭлТРдин алып баруучусу - “Кыргызстанда чыгарылган” номинациясы;
  • Елена Череменина, "Спутник Кыргызстан" маалымат агенттигинин жана радиосунун жетекчиси-"Сергек жашоо" номинациясы;
  • Улан Эшматов, эркин журналист - "Таза Мекен" номинациясы.

Пикир

Оставить комментарий