• 87
  • 90.59
  • 0.87

Бишкекте Псковская көчөсүндөгү гараждарды демонтаждоо уланууда

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Бишкекте Псковская көчөсү, 71 дарегиндеги гараждарды демонтаждоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жерине калаа башчысы Айбек Жунушалиев барып, демонтаждоо иштери менен таанышты. Бүгүнкү күндө 59 объект демонтаждалды.

Муниципалитеттин башчысы үй ээлери менен түшүндүрүү иштерин улантууну, ошондой эле объекттерди бузууда жарандардын ыңгайлуулугун эске алууну тапшырды.

Белгилей кетсек, 6-ноябрда муниципалдык аймакты өз ыктыяры менен бошотуу боюнча №22 гараждык кооперативдин төрагасы Сергей Сапрыкиндин атына кат жөнөтүлгөн. Бир жумадан соң, тактап айтканда, 12-ноябрда 250 гаражга өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөр илинген.

Ал эми 22-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы кызматкерлеринин гараждарды демонтаждоо иштерин жүргүзүү иштерин баштап, гараж ээлери аларга тоскоолдук жараткан. Уруксат берилбеген объектилердин ээлери бензин төгүп, "Тазалык" ишканасынын жаңы атайын техникасын бузушкан.

Гараждарды демонтаждоо учурундагы окуянын алкагында “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий