• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Маданият министрлигинде I жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылууда

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2023-жылдын жарым жылдыгында жасалган иштери боюнча коллегиясы өтүп жатат.

Ведомстводон билдиришкендей, коллегиянын ишине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Атынбек Максутов жана коллегия мүчөлөрү катышууда.

Коллегиянын күн тартибинде 2023-жылдын биринчи жарым жылындагы ишмердүүлүгү, каржылык иш-аракеттери жана аткаруучулук тартиби, жылдын экинчи жарым жылдыгындагы приоритеттүү пландар жана аткара турган иштер, Кинематография тармагындагы кадамдар жана дене тарбия, спорт тармагындагы ишмердүүлүк жана Париж шаарында (Франция) өтүүчү Жайкы Олимпиада оюндарына даярдыктар тууралуу маалымат берилмекчи.

Министрликтин коллегиясы маданият, маалымат, спорт, жаштар саясаты министрлигинин системасында туруктуу иштеген консультативдик орган болуп саналгандыктан, кабыл алынган чечимдер үчүн коллегиалдуулуктун жана жоопкерчиликтин принциптеринде мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алмакчы.

Пикир

Оставить комментарий