• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкек ЖЭБине күнүнө 6-7 миң тонна көмүр жеткирилүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборуна күнүнө 6-7 миң тоннадан көмүр түшүрүлүүдө. Бул тууралуу ЖЭБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын ЖЭБи штаттык режимде иштеп, калкты жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда.

"Күн сайын ишканага 6-7 миң тонна, орто эсеп менен 90 вагон жана 15 оор жүк ташуучу унаа менен көмүр келип түшүүдө. Отун түшүрүү бекитилген графиктер боюнча өз убагында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, азыркы учурда Бишкек ЖЭБинин кампаларында жалпы 289 миң 762 тонна көмүр жана 2 миң 913 тонна мазут бар. Бул отундун көлөмү электр жана жылуулук энергиясын үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн жетиштүү. Алсак, өткөн суткада 9,197 млн кВт/саат электр энергиясы, 9352 Гкал жылуулук энергиясы өндүрүлгөн.

Эскерте кетсек, күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн 1 млн 200 миң тонна көмүр, анын ичинен 550 миң тоннасы импорттук көмүр, 650 миң тоннасы жергиликтүү көмүр жана 70 млн 110 миң метр куб газ, 5 миң тонна мазут керектелет.

Пикир

Оставить комментарий