• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам фейк аккаунттар менен күрөшүүгө багытталган – депутат

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери − Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.

Мыйзамдын демилгечилери бири Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоорун онлайн форматта талкуулоо учурунда, сунушталып жаткан мыйзам фейк аккаунттар менен күрөшүүгө багытталганын айтып, ал жарандардын өз оюн билдирүүсүнө, сөз эркиндигине, демократиянын негиздерине каршы келбейт.

“Бүгүнкү күнү интернетте жаңы чакырыктар болуп, аларды көзөмөлдөө керек. Алсак, сөз коомчулукка калп, чагым тараткан фейк аккаунттар тууралуу болуп жатат. Тилекке каршы фейк аккаунттарды колдонуп кайсы бир адам тууралуу калп, туура эмес маалыматтарды таратуу аркылуу кек алган учурлар бар”, - деди ал.

Ошол эле учурда ал билдиргендей, мыйзам чын маалыматты же сынды, комментарийлерди же башка ой-пикирлерди жазууга тыюу салбайт.

“Сөз өзүнүн тастыкталган аккаунтунан жазгандар жөнүндө эмес, интернетке жалган маалыматтарды тараткан фейк аккаунттар менен күрөшүү тууралуу болуп жатат. Биз − эркин мамлекетпиз. Ар ким өз ой-пикирин, көз карашын эркин билдире алат. Жалган айтуу, жөнү жок каралоо – сөз эркиндигинин принцибине кирбейт”, - деди ал.

Ал мыйзамда каралган чаралар тууралуу айтып жатып, кылмыш жоопкерчилиги тууралуу сөз болбогонун билдирди.

“Укук бузгандарга карата чара көрүүнүн эки жолун сунуштап жатабыз – сотко чейинки жана соттук. Башкача айтканда эгер бир адамды бирөө жөнү жок каралаган болсо, ал провайдерге ошол материалды өчүрүп салуу боюнча кайрыла алат. Эгер андан баш тартып коюшса аталган мыйзамдын негизинде сотко кайрылса болот. Ал учурда соттун чечими милдеттүү болуп калат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий