• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматы “Смарт Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоору тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-июнда Мамлекеттик салык кызматы “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында ишке ашырылуучу милдеттери жана жаңы пландары тууралуу тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага МСКнын жетекчилиги жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Салык кызматынын адистери салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн иштер жана натыйжалары туурасында, "СМАРТ Салым" долбоорунун алкагында жаңы компоненттерди жана электрондук сервистерди ишке киргизүү боюнча Салык кызматынын пландары жөнүндө айтып берип, ошондой эле журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов “салык төлөөчүлөрдү сервистик тейлөөгө өтүү, салыктарды башкаруу учурунда ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду жана адам факторун четтетүү боюнча” иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Ал 2020-жылдын июль айынан тартып ишке киргизилген “СМАРТ Салым” долбоорунун алкагындагы бир катар компоненттерди белгиледи. Алардын катарында электрондук эсеп-фактуралар, авто май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, чек араларда “Жыйынды пост” маалыматтык системасы, жаңы электрондук отчеттор жана электрондук патент, программалык кассалык аппараттар жана башкалар.

Салык кызматынын башчысы салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун салыктык башкарууга тийгизген оң таасирин баса белгиледи. Анын айтымында, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу киргизилгенден тартып өлкөнүн бюджетине салыктардын жана жыйымдардын түшүшү бир топ көбөйдү.

Алсак, 2021-жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан болжолдогу 36,4 млрд сомдун ордуна 38,4 млрд сом өлчөмүндө салык жана төлөмдөр жыйналып, белгиленген план 105,5 пайызга аткарылган же дээрлик 2 млрд сомго ашыгы менен аткарылган.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана төлөмдөр 11,4 млрд сомго көбөйгөн же өсүү ыргагы 142,5%ды түзгөн.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча түшүүлөр 2021-жылдын январь-май айларында 15 млрд 193,6 млн. сом өлчөмүндө камсыз кылынып, белгиленген план 102,5 пайызга аткарылды же 373,6 млн.сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 2 млрд 593,6 млн. сомго көп жыйналган же өсүү ыргагы 120,6 пайызды түзгөн (2020-жылдын январь-май айларында - 12 600,0 млн. сом).

Салык кызматы үстүбүздөгү жылы 97 млрд. сомдон кем эмес суммада салыктарды жыйноону пландаштырууда.

“Демек, “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорун ишке ашырган учурдан тартып, б.а. өткөн жылдын июнь айынан баштап Салык кызматы пландаштырылган суммадан 7,5 млрд. сомго көп салыктарды чогулткан. Бирок ишке киргизилген компоненттер салык кызматын санариптештирүүнүн башталышы гана болуп саналат. “СМАРТ Салым” долбоорунун алкагында алдыда дагы биздин чоң пландар бар”, - деди МСКнын төрагасы И.Иманбетов.

Андан соң салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорлору жөнүндө Салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев кеңири айтып берди.

Ал 2020-жылдын 1-июлунан тартып Мамлекеттик салык кызматы “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында электрондук эсеп-фактуралар, авто май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, “Жыйынды пост” маалыматтык системасы, киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча бириктирилген отчет, чекене соодадан алынуучу салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы сыяктуу бир катар долбоорлор ишке киргизилгендигин белгиледи.

2020-жылдын 1-июлунан баштап алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо, программалык/виртуалдык ККМ-онлайнды милдеттүү колдонуу киргизилет.

Фискалдаштыруу компоненттерин киргизүү – МСКнын сервистик тейлөөсүн өркүндөтүүгө жана оптималдаштырууга багытталган, бул салык төлөөчүлөрдүн дүйнөлүк тенденцияга ылайык заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүнө мүмкүндүк берет.

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун киргизилген компоненттеринин иш жүзүндөгү натыйжалары

Фискалдаштыруунун негизги компоненттерин киргизүү салыктарды башкарууга оң таасирин тийгизди. Атап айтканда, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүлөр көбөйүп, 2020-жылдын 1-июлунан тартып 2021-жылдын 31-майына чейинки болжолдук план 6 млрд 973,7 млн сомго ашыкча аткарылган.

Электрондук эсеп-фактура

2020-жылдын 1-июлунан тартып КНС төлөөчү жана товарларды импорттоону жана/же экспорттоону ишке ашыруучу салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү тариздөөгө өтүштү. Бул долбоор ишке киргизилгенден баштап 2021-жылдын 31-майына карата “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасына 14 миң 242 салык төлөөчү катталып, 817 млрд сом суммасында 6 млн эсеп-фактура таризделген.

Май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы

Май куюучу жайлар 2020-жылдын 1-июлунан тартып башкаруунун автоматташтырылган системасын колдоно башташты.

2021-жылдын 1-июнуна карата башкаруунун автоматташтырылган системасы 985 май куюучу жайда орнотулду.

2021-жылдын 5 айында май куюучу жайлар аркылуу күйүүчү майды сатуунун көлөмү болжол менен 20 млрд сом суммасында 572 075 миң литрди түзгөн. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы - көлөмү боюнча 156,3% жана түшкөн акча боюнча 163,5% түздү.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз

2020-жылдын 1-июлунан бери мунайды жана мунайзаттарын алуу, өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген субъекттер жүктөп жөнөтүү учурунда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздешүүдө.

Бул ишке киргизилгенден бери мунайтрейдерлер 132 миң 248 электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды тариздешкен.

Электрондук патент

2020-жылдын августунан баштап патенттин жана камсыздандыруу полисинин формалары бириктирилди. "Э-патент" электрондук сервиси (epatent.gov.kg) жакшыртылып, бир документ менен патент жана камсыздандыруу полисин алууга шарт түзүлдү.

2020-жылдын августунан тартып 2021-жылдын май айына чейин онлайн режиминде 807 млн 113,1 миң сомго 341 999 патент жана 261 млн 597,7 миң сом суммасында 277 миң 942 камсыздандыруу полиси берилген.

ККМ онлайн

2021-жылдын 1-июнуна карата Кыргызстанда 21 747 ККМ колдонулууда, анын ичинен 18 114 – "ККМ онлайн", 3036 – онлайн функциясы жок, фискалдык маалыматтардын операторлору аркылуу – 271 ККМ каттоодон өттү.

«Жыйынды пост» автоматташтырылган маалыматтык системасы

2021-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн ташылып келүүчү товарларды эсепке алууда "Жыйынды пост" автоматташтырылган маалыматтык системасы колдонула баштады.

2021-жылдын 5 айынын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды ташып келүүдө импорттоочулар товарларды эсепке алуу пункттарында ташылып келүүчү товарларга 74 миң 261 коштомо кагазды көрсөтүшкөн.

ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктарды башкаруунун негизинде 2021-жылдын 5 айында Салык кызматы тарабынан бюджетке 9 млрд 244 млн сом суммасында кыйыр салыктардын түшүүсү камсыздалган. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 3 млрд 207 млн.сомго көп (өсүү ыргагы 153%).

Үстүбүздөгү жылдын 5 айында товарларды ташып келүүдө аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу 859 материал биргелешкен мобилдик топторго карап чыгуу үчүн берилди.

Салык төлөөчүнүн кабинети жана салык отчетторун берүүнүн электрондук системасы

2019-жылдын 1-июлунан бери бардык салык төлөөчүлөр үчүн электрондук санариптик кол тамганын (мындан ары - ЭСК) жардамы менен салык отчетторун берүү боюнча электрондук кызмат көрсөтүү ишке киргизилген, бул салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын түз байланышын кыскартууга мүмкүндүк берди.

2021-жылдын 1-июнуна карата “Салык төлөөчүнүн кабинети" электрондук сервисине 318 миң 88 салык төлөөчү кошулду. Алардын ичинен 48 миң 393 юридикалык жактар, 269 миң 695 жеке жактар. Мында 25 миң 770 салык төлөөчү электрондук санариптик кол тамганы пайдалануу менен салык отчетторун тапшырышууда.

Башка иш-чаралар

2021-жылдын апрелинен тартып салык төлөөчүлөр (чакан жана орто бизнестин, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардан тышкары) киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча бириктирилген отчет берүүгө өткөн. Апрель-май айларында 16 753 отчет электрондук түрдө кабыл алынган.

Дагы бир киргизилген жаңылык – чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жаңы жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Жеке ишкерлер бул система боюнча 2021-жылдын апрелинен тартып иштей алышат.

“Смарт Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында жарандарды сапаттуу тейлөө максатында Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май райондору боюнча аймактык салык органдарында электрондук кезекке туруу системасы жана өзүн өзү тейлөө зонасы орнотулган. Мындай сервистер Бишкек жана Ош шаарларынын калган райондорунда дагы орнотулат.

Салык кызматынын жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү боюнча пландары жөнүндө

  • 2021-жылдын 1-июлунан тартып жаңы талаптарга жооп берген онлайн программалык (виртуалдык) контролдук-кассалык машиналарды колдонуу милдеттүү болот. Чекене товар жүгүртүүгө онлайн режимде мониторинг жүргүзүү үчүн ККМди колдонуу боюнча жаңы стандарттар жана талаптар кабыл алынды.
  • Мындан ары товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр (товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы, коду жана баасы) боюнча маалыматтарды берүү функциясы бар ККМ-онлайнды, ошондой эле фискалдык маалыматтарды коопсуз өткөрүп берүү боюнча жаңы техникалык чечимдерди пайдалануу киргизилет.
  • Ошондой эле, 2021-жылдын 1-июлунан тартып тамеки жана алкоголдук продукцияларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо башталат.
  • Маркалоонун коду ар бир товар өндүрүүчүдөн же импорттоочудан акыркы керектөөчүгө чейин товардын ар бир бирдигинин кыймылынын көзөмөлдөнүшүн камсыз кылган "Товарларды маркалоо" автоматташтырылган маалымат системасында түзүлгөн символдордун уникалдуу ыраатын түшүндүрөт.
  • Пландарда - "Текшер" элдик жана инспектордук контролдун тиркемелерин ишке киргизүү, маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмесин кеңейтүү турат. Сөз дары каражаттарын маркалоо, ошондой эле дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды каттоо боюнча платформаны ишке киргизүү жөнүндө жүрүп жатат.
  • Салык кызматы ар түрдүү мобилдик тиркемелерге электрондук патент берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт – бул мобилдик капчыктар, онлайн банктар жана башкалар. Бул механизм салык органына же салык кызматынын сайтына барбай эле, каалаган ыңгайлуу тиркемеде патент алууга мүмкүндүк берет.
  • Салыктык башкарууну мындан ары жакшыртууга багытталган бир катар жаңы долбоорлорду ишке киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
  • Атап айтканда, Салык кызматы салыктарды жана жыйымдарды төлөөгө чейин отчетторду берүү функциясы бар мобилдик тиркемелердин бардык түрлөрүнө салыктарды башкаруунун заманбап механизмин киргизүүнү пландаштырууда.
  • Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу тууралуу, резидент жана башкалар тууралуу маалымкаттарды берүүнүн электрондук системасы иштелип чыгууда. Анын колдонуу салык төлөөчүлөрдүн ишин олуттуу жеңилдетет.
  • ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды импорттоо максатында маалымкатты алуунун жана берүүнүн санариптик механизмин ишке киргизүү боюнча милдет иштелип чыгууда. Салык төлөөчүлөрдөн ушул маалымкатты жеткирүү талап кылынбайт. Бардык процесс дистанциялык режимде жүргүзүлөт.
  • Мындан тышкары, интерфейс, функционал жакшыртылат жана “Салык төлөөчүнүн кабинети" системасынын өндүрүмдүүлүгү жогорулайт.
  • Мындан тышкары, “Жеке кабинетте” Салык кызматы менен кызматташуу боюнча 20 бизнес-процесстин тартибин киргизүү пландалууда, бул акыр аягында Кыргызстанда “Виртуалдык салыкты” толугу менен ишке ашырууга жана аралыктан кызматташууга өтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн катарына автоматтык салык төлөмдөрү, актуалдуу отчеттуулуктун баардык түрлөрүн ар түрдүү платформалар аркылуу кабыл алуу үчүн “Түндүк” системасына интеграциялашуу, жеке жактарды Салык кызматына келтирбестен салыктык каттоодон онлайн өткөрүү, арыздарды кабыл алуу, Салык төлөөчүнүнүн кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу кирет.
  • Салык органынын кызматкерлери үчүн программалык продуктуну киргизүү боюнча иш жүргүзүлүүдө, ал рейддик салык контролун жүргүзүү актысын электрондук форматка өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Рейддик контроль элеуктрондук планшеттердин жардамы менен ишке ашырылат, бул болсо кагаз менен иштегенди токтотуп, соода түйүндөрүнүн дислокациясы жөнүндө актуалдуу маалыматты камтууга, ошондой эле салык инспекторунун кыймылын контролдоого мүмкүндүк берет.
  • Салык кызматынын пландарында – салык төлөөчүлөрдөн түшкөн сунуштарды эске алуу менен электрондук эсеп-фактураны андан ары өркүндөтүү. Аналитиканын модулдарын жана статистикалык отчетторду толуктап иштеп чыгуу, тез аракеттенүүнү жана баш тартууда туруктуулукту өркүндөтүү болжолдонууда.
  • Салык кызматы үстүнөн иштей турган кийинки максат – мунай заттарды жүгүртүүнү контролго алууга (Кыргызстандын аймагында мунайзаттарды ташып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга), маалыматтарды иштеп чыгуу, өткөрүп берүү, сактоо, талдоо, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү процесстерин тездетет жана документтерди кол менен толтуруу процесстерин жокко чыгарат.
  • Жай мезгилинин аягында Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борборун ачуу пландалууда. Бир имаратта жарандар 10 мамлекеттик органдын, ар түрдүү финансы-кредиттик мекемелердин кызматтарынан пайдалана алышат жана консультацияларды алышат. Окутуучу семинарлар жана тренингдер өткөрүлөт.
  • Эсептөө инфраструктурасынын кубаттуулугун көбөйтүү үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу борборун жана салык кызматынын мониторинг борборун долбоорлоо боюнча иштер башталган. Заманбап маалыматтарды иштетүү борбору салык төлөөчүлөр үчүн сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө жана салыкты санариптик форматта башкарууну жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий