• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Qarash Lab кино лабораториясы салтанаттуу түрдө ачылат

Маданият 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-октябрда Бишкекте чет элдик кинематографтардын катышуусунда "Qarash Lab кино лайбораториясы" долбоору салтанаттуу түрдө ачылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Кинематография департаментинин бөлүм башчысы Элвира Мамытова билдирди.

Анын айтымында, иш-чара "Ала-Тоо" кинотеатрында өтөт.

Грузиядагы кинокомиссиянын башчысы Давид Вашадзе Кыргызстанга сценарийден баштап эл аралык деңгээлдеги тасмаларды кантип жаратса болот, кинолор жергиликтүү гана эмес, фестивалдарда кантип иштеш керек, кайсы жерде жана кантип сатуу керектиги боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн келгенин билдирди.

"Мен Кыргызстанда ата мекендик кино абдан популярдуу деп уктум жана бул маанилүү, аны колдонуу керек", - деди Вашадзе.

Paris 8 университетинин кино таануу профессору Евгения Звонкина (Франция) кошумчалагандай, мындай иш-чаралар жандуу таанышуу жана баарлашуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Эскерте кетсек, анын алкагында кыргыз жана чет элдик белгилүү кинорежиссерлордун тасмаларынын эксклюзивдүү, премьералык жана ретроспективдүү көрсөтүүлөрү болуп, кино жаратуучулар жана белгилүү кино эксперттери менен чыгармачылык жолугушуулар жана талкуулар менен коштолот.

27-октябрда саат 19:00дө белгилүү кинорежиссер Динара Асанованын “Балдар” кинолабораториясынын ачылышы болот. Тасмадан кийин кино адистери менен жолугушуу, талкуу болот.

28-октябрда саат 19:00 – жаш казак режиссеру, көптөгөн дүйнөлүк фестивалдардын лауреаты Айсултан Сейитовдун "Каш" тасмасы көрсөтүлөт.

29-октябрда саат 19:00 – режиссёр Дальмира Тилепбергенованын “Белек” көркөм тасмасынын улуттук премьерасы өтөт. Тасманын атайын көрсөтүлүшү 2023-жылдын 31-августунда 80-Эл аралык Венеция кинофестивалынын алкагында өткөн.

30-октябрда саат 15:00 – 2022-жылы Канн кинофестивалынын "Өзгөчө көз караш" сыйлыгынын ээси "Ата менен бала" аттуу тасманын эксклюзивдүү көрсөтүүсү болот. Режиссер Матье Вадепиден, сценарист Оливье Демангелден жана продюсер Омар Сиден. Тасмадан кийин режиссер жана сценарист менен жолугушуу, талкуу болот.

Бардык көрсөтүүлөр "Ала-Тоо" кинотеатрында өтөт.

Маданий иш-чаранын алкагында мындан башка дагы бир катар дискуссиялар, бет ачарлар уюштурулуп, чоң программадагы концерт менен жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий