• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте рейд учурунда Армениядан мыйзамсыз алып келинген 26 унаа аныкталды

Коом 0

7-августтан тарта Бишкек шаарында ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүүнү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чара Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу планынын алкагында өткөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ аймагына бажы мыйзамдарын бузуу менен алып келинген Армениянын каттоо номер белгилери бар 26 транспорт каражаты аныкталды.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында транспорт каражаттарына карата жүргүзүлгөн бажы операциялар боюнча маалымат жок экени аныкталды. Буга байланыштуу иштин бардык жагдайлары такталганга чейин унаалар кармалып, убактылуу сактоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында "Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосуна жайгаштырылган транспорттук каражаттарга карата ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда товарлардын декларацияларынан маалымат алмашуу жүргүзүлөт.

Ммамлекеттик бажы кызматынын Маалымат алмашуу порталы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин (Армения, Беларусь, Россия, Казакстан жана Кыргызстан) аймагында автотранспорт каражаттарына карата бажы операциялары жөнүндө маалыматты алууга мүмкүндүк берет.

МБК автоунааны сатып алууда бажы жагынан тариздөөдөн өткөндүгүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамдуу кирүүсүн текшерүүнүн зарылдыгын эскертет.

Армениянын аймагында "Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосуна коюлган жана Армениянын Ички иштер министрлигинде расмий каттоодон өткөн транспорт каражаттары Кыргызстандын аймагында эксплуатацияланышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий