• 87
  • 90.59
  • 0.86

Бишкекте режиссёр айымдардын VI эл аралык кино форуму өтөт

Маданият 0

Бишкек, 26.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Бишкекте 27-29-ноябрь күндөрү кыргызстандык режиссёр жана акриса Клара Юсупжановага арналган VI эл аралык кино форум өтөт. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде кино форумдун уюштуручусу Асел Жураева билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 17 режиссёр айым катышып, көрүүчүлөргө өз эмгектерин тартуулашат.

"Иш-чара 2016-жылдан бери айымдарды колдоо максатында өткөрүлүп келет. Быйыл форум кыргызстандык режиссёр жана акриса Клара Юсупжановага арналат. Иш-чаранын алкагында Казакстан жана Өзбекстандан келген катышуучулар мастер-класстарды өткөрүшүп, тажрыйбалуу режиссер айымдардын жана илимий кызматкерлердин катышуусунда тегерек столдор жана талкуулар уюштурулат. Форум режиссер айымдарды бир аянтчага чогултуу, бири-бири менен пикир алмашуу, коомдун актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талкуулоо максатында өткөрүлүүдө. Баса белгилеп айта кетчү нерсе форумга бир гана аялдар катышпайт. Форумдун эшиги баардык көрүүчүлөр үчүн ачык", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, V юбилейлик кинофорум өткөн жылы Ош шаарында өткөн.

"V юбилейлик кинофорум өткөн жылы Ош шаарында өткөн. Ал жакта дагы жогору денгээлде өткөн",-деп жыйынтыктады ал.

Маалымат үчүн: Клара Юсупжанова — советтик кыргыз актрисасы жана режиссёру. Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Клара Юсупжанованын тасмада ойногон эң биринчи ролу жаш актрисанын атын атактуу кылган. Анын дебюту 1963-жылы "Жылуулук" тасмасында болгон. Ал кезде он тогуз жашта болгон Клара отуз жаштагы аялдын ролун аткарган.

Пикир

Оставить комментарий