Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунун Мамбетов көчөсүндөгү үйдүн жер төлөөсүндө аянты 5 чарчы метр таштанды өрттөнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү табылган. Адамдын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Өрттүн себеби такталууда.
Пикир
Оставить комментарий