Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 20-январга караган түнү саат 02:18дер чамасында республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КРнын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн эч ким жабыркаган эмес жана кыйроолор да катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий