• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде баштыктын ичинен ымыркайдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районунда баштыктын ичинен ымыркайдын сөөгү табылганын “Кабар” агенттигине облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, бөбөктүн сөөгү күн мурун жергиликтүү койчу тарабынан табылган.

“Аталган факты катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ымыркайдын энеси изделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий