• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте автобазанын аймагында кампа күйүп, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Бишкекте автобазанын аймагында кампа күйүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-декабрда түнкү саат 02:14 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жайгашкан автобазасынын аймагында курулуш фирмасынын кампасынын 50 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 02:43 чектөөгө алынып, саат 05:17де толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепитинен К.Н. аттуу 45-50 жаш чамасында эркек кишинин сөөгү табылган жана милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий