• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Сүйүнбаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды

Коом 0

Бишкек, 05.05.22./Кабар/. Бишкекте 4-майдан 24-майга чейин Сүйүнбаев көчөнүн бЧүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, "АкНазЭлбилдинг" подряддык ишканасы жылуулук камерасын куруу менен жеринде жылуулук тармагын тартат.

"Ошентип, аталган жол жабылган учурда унаалар өтүүчү альтернативалык жолдор Гоголь жана Осмонкулов көчөлөрү болмокчу", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаардыктарды унаа менен каттоодо алдын ала жол каттамын ойлонуштуруп алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий