Бишкекте саат 10:00гө карата COVID-19 менен ооругандар үчүн 151 бош орун бар

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Бишкекте 15-июлда саат 10:00гө карата COVID-19 менен ооругандар үчүн 151 бош орун бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтымында:

- Улуттук хирургия борборунда – бош орун жок;
- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 5 орун;
- №2 клиникалык төрөт үйүндө – 23 орун;
- №1 шаардык клиникалык ооруканада – бош орун жок;
- №6 шаардык клиникалык ооруканада – бош орун жок;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда – бош орун жок;
- Чүй облустук бириккен ооруканасында – 2 орун;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн – 10 орун;
- Улуттук онкология жана гематология борборунда – 1 орун;
- Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус – бош орун жок;
- Республикалык наркология борборунда – 14 орун;
- Улуттук госпиталь: Мобилдик клиника – бош орун жок;
- Улуттук фтизиатрия борбору – бош орун жок;
- Аскер госпиталы – 3 орун;
- Курортология жана калыбына келтирүү институту – 61 орун;
- Улуттук госпиталь: Нейрокорпус – бош орун жок;
- Д.Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи – бош орун жок;
- Улуттук эне жана баланы коргоо борбору – 32 орун;
- Фтизиатрия борбору (КММА №6 жатакана) – бош орун жок.

Пикир

Оставить комментарий