• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Санариптик өнүктүрүү министри өлкөдөгү калкты тейлөө борборлорунун ишине аудит жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министри өлкөдөгү калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) ишине аудит жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев КТБ жана жалпысынан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана ведомствого караштуу мекемелердин ишине калктын канааттануусун жогорулатуу максатында республиканын бардык аймактарында текшерүү жүргүзүүдө. Бүгүнкү күнү текшерүүнүн алкагында Догоев Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарына жумушчу сапарлары менен болуп, Бишкек шаарындагы 3 жана аймактардагы 21 КТБ жана министрликтин жер жерлердеги аймактык бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты.

Текшерүү жер-жерлерде жарандарга кызмат көрсөтүү боюнча чыныгы тажрыйбаны талдоо жана процесстерди өркүндөтүү максатында жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн алкагында эпидемиологиялык кырдаалдын талаптарын эске алуу менен министр жарандардын кайрылууларын, кызматчылар менен калкты тейлөө борборлорунун иши, мамлекеттик санариптик кызматтарды жана чечимдерди колдонуу багытында маектешип, жалпысынан ишти өркүндөтүү боюнча суроо-талаптарды жана сунуштарды чогултту. Ошол эле учурда, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу талаптардын сакталышын да текшерди.

Эки мамлекеттик органдын (СӨМК жана МКК) биригишин эске алуу менен ички процесстерди жөнгө коюу жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишин жаңы деңгээлге чыгаруу максатында министр аймактарга болгон жумушчу сапарлардын алкагында ведомствого караштуу аймактык бөлүмдөр менен жолугушууда.

Жолугушуулар маалыматтык жана таанышуу мүнөзүндө болуп, Дастан Догоев санариптик трансформацияны куруу боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүү менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө иштин жаңы процесстерин куруу жана заманбап шаймандарды колдонуу боюнча иш жүргүзүлөт.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» 2021-жылдын 5-майындагы № 114 жарлыгына ылайык МКК менен СӨМК бириктирүү менен түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги төмөнкү багыттарда иш алып барат:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана калк менен өз ара аракеттенүүдө жана байланышууда санарип технологияларды ырааттуу, тутумдуу киргизүү жана колдонуу менен санариптик башкаруу саясатынын тутумун өркүндөтүү;

- санариптик башкаруу саясат тутумунда иштөө үчүн шарттарды түзүү;

- электрондук документ жүгүртүүнүн бирдиктүү тутумун ишке ашыруу жана колдонуунун сапаттуу механизмдерин калыптандыруу жана ишке ашыруу;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү улуттук борборду түзүү;

- финансылык башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү;

- маалыматтык тутумдарга бирдиктүү улуттук реестрлерди жана регистрлерди киргизүү ж.б.

Пикир

Оставить комментарий