• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: мас айдоочуларга төрт күндө 262 миң сом айып пул салынды

Коом 0

Бишкек, 04.01.18 /Кабар/. Кыргызстанда мас айдоочуларга төрт күндө 262 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын төрт күнүңдө өлкө боюнча автоинспекторлор тарабынан мас абалында машине айдаган 15 жаран токтотулган. Алардын ар бирине 17,5 миң сомдон айып пул салынды.

Салынган айыптын жалпы суммасы 262 миң 500 сомду түздү.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январдан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айып пулдун өлчөмү көбөйүп, мас абалында машине айдагандарга 17 миң 500 сом айып салынат.

Ошондой эле, айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга жана куткаруучу кызматтардын машиналарына жолду бошотуп бербей койгон айдоочуларга 5,5 миң сом өлчөмүндөгү айып каралган.

Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7,5 миң сом айыппул төлөйт.

Пикир

Оставить комментарий