• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Үч ай ичинде КТБда онлайн кезекке туруудан 200 миң адам пайдаланды

Коом 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-июнунан тартып борбордун Калкты тейлөө борборлорунда онлайн кезекке туруу системасы киргизилген, үч айдын ичинде 200 миң жаран кызмат менен пайдаланып, кезек күтпөй КТБга келишкен.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, борбор калаадагы Калкты тейлөө борборлоруна барууну Earlyone мобилдик тиркемеси аркылуу пландаштырса болот.

Кантип алдын ала кезекке турса болот?

1. Earlyone тиркемесин Play Market жана App Store’дон жүктөп алуу керек;

2. Өлкөнү (Кыргызстан) жана ыңгайлуу тейлөө тилин (орус же кыргыз) тандоо;

3. Чыккан терезеде керектүү КТБны, күнүн, убакытты жана кызматты тандаңыз;

4. Тиркемеде код ыйгарылат, электрондук кезек тутумунда виртуалдык орун түзүлөт;

5. КТБга келгенден кийин электрондук кезек терминалына барып, тиркемеде берилген кодду киргизүү керек. Талон берилет. Талондун номери күтүү залында мониторго чыгарылат.

Маанилүү: КТБга белгиленген убакыттан 20 мүнөт мурун баруу керек, эгерде адам жетише албаса, анда тиркемеде 15 мүнөткө жылдыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Келечекте республиканын бардык КТБларына онлайн кезек турууну киргизүү пландаштырылууда, алардын биринчиси Ош шаарындагы филиал болот.

Пикир

Оставить комментарий