Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Индиядагы фестивалга катышууда — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Индиянын Фаридабад шаарында 19-марттан 4-апрелге чейин жыл сайын өтүүчү “Суражкунд Мела” XXXV эл аралык салттуу кол өнөрчүлүк фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилигинен билдиришти.

Фестивалдын идеясы — айылдын оригиналдуу кол өнөрчүлүгүнүн жана дүйнөнүн элдик бийлеринин бардык түрлөрүн тартуулоо. Ошондой эле колго жасалган улуттук сувенирлерди жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.

Быйыл фестивалга Индия штаттарынан тышкары дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрү да катышууда.

Элчиликтин көмөгү менен быйыл фестивалга Кыргызстандын атынан кол өнөрчүлөр: Талас облусунан Нурия Исакова, Нарын облусунан Таалайкан Аалиева, Жалал-Абад облусунан Гүлсүн Шакирова, Максат Жусупалиева, Салия Өскөнбаева жана ошондой эле Баткен облусунан Хабибахан Шакирова Кыргызстанды көрсөтүүдө.

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр улуттук кийим-кече жана тиричилик буюмдарын, ошондой эле кургатылган мөмө-жемиш жана бал түрүндөгү айыл чарба азыктарын тартуулашты.

Кыргызстандын павильону жергиликтүү тургундардын жана башка өлкөлөрдөн келген коноктордун сүймөнчүлүгүнө ээ болууда.

Пикир

Оставить комментарий