• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунун башчысы Британия элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Эдмунд Гарретти кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда айыл чарба, чоӊ жана чакан бизнес, Ош облусуна инвесторлорду тартуу, туризм тармагын, анын ичинде альпинизм, велоспортун өнүктүрүу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ош облус башчысы ар дайым кызматташууга даяр экенин билдирип, велоспорт үчүн спортучардын коопсуздугун камсыздап, маршрут түзгөнгө жардам берем деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий