Бишкекте “Сайма - 2023” кароо-сынак фестивалы өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде "Сайма – 2023" кароо-сынак фестивалы өтүүдө.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара "Кийиз дүйнө" коомдук фонду тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Салтанаттуу иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, фестивалдын уюштуруучуларын куттуктады жана фестивалга татыктуу салым кошуп, кыргыздын байыртан бери келе жаткан сайма өнөрүн аздектеген алдыңкы уз-чеберлерге "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырды.

Министр өз сөзүндө "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун иш-аракеттери колдоого жана баалоого татыктуу экенин белгиледи.

"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун директору Айдай Асангулова иш-чараны уюштурууну колдоого алган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирип, фестивалдын максаты салттуу билимдин сап башында турган сайма өнөрүн кайрадан жандандыруу , баалуулугун артыруу, бул өнөрдү алып жүргөн кол өнөрчүлөрдү шыктандыруу экенин билгиледи.

Маалымат үчүн: Бекитилген жобого ылайык, "Сайма – 2023" кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катышат.

Кароо-сынак эки багытта өткөрүлөт:

1-багыт: "Сайма чемпионаты – 2023";

2-багыт: "Мыкты белдемчи" сынагы.

"Сайма чемпионаты – 2023" катышуучулары жаш курагына жараша эки топко бөлөт:

1-топ: 17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында;

2-топ: 18 жаштан жогорку катышуучулар арасында.

Уюштуруу комитети тарабынан ар бир багытка, ар бир топко өз-өзүнчө шарттар, талаптар коюлуп, баалоо критерийлер эки башка деңгээлде каралат.

Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Иш-чара саймачылардын мастер-класстары, «Шедевр белдемчи» аукциону жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, интерактивдик оюндар менен коштолот.

Эске салсак элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бул түрүн унуткарбай, мурас катары сактап калуу аракетинде 2021-жылы өткөн сайма чемпионатында 500гө жакын саймачылардын башын бириктирген. Ал эми, 2023-жылы өтө турчу маданий саамалыктын форматы кеңейтилип, жыл сайын өтүүчү фестивалга айланууда. Мындай кадам элдик кол өнөрчүлүктү сактоого жана даңазалоо карата жасалып жаткан аракеттердин бири катары саналат.

Пикир

Оставить комментарий