Бишкекте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 876,5 миң сом айып салынган

Коом 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Бишкекте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 876,5 миң сом айыппул салынган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, ишкерчилик субъекттеринде санитардык талаптардын аткарылышына текшерүү жүргүзүү үчүн мэриянын райондук администарциялары, Санитардык-экологиялык инспекция жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан көчмө топ түзүлгөн.

"Көчмө топтор тарабынан 14-майдан тарта 4 миң 435 объект текшерилип, 867,5 миң сомго 385 протокол түзүлдү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий