• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖЭБдеги авария. Жабырлануучулардын экөө Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү

Коом 0


Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн ЖЭБде жабыркаган эки адам, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкер андан ары дарылануу үчүн Түркиянын адистештирилген клиникаларынын бирине жөнөтүлдү. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.

Жабырлануучуларды жакындары менен бирге кыргызстандык эки дарыгер коштоп барат.

Бейтаптар, коштоп жүргөн туугандары жана дарыгерлер президенттик ТУ-154 борту менен жеткирилет.

Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык иш-чаралар президенттин жеке көзөмөлүндө, жабыркагандарды, алардын жакындарын жана медицина кызматкерлерин Түркияга жеткирүү үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий