• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте Сауд Аравиянын Улуттук күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Бишкекте Сауд Аравия Падышалыгынын Улуттук күнү белгиленди. Иш-чара Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага КР тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, элчилер жана ишкерлер катышты.

Иш-чараны Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради ачып, эки өлкө ортосундагы алакаларга токтолду.

“Биздин эки тараптуу мамилелерибиз ар түрдүү тармактарда өнүгүүсүн улантууда. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү тарабынан бир катар багытта кызматташуу келишимдерине жана өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду. Акыркы жылдары эки өлкө ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуу көбөйдү. Жакында Сауд Арабиянын Flynas авиакомпаниясы Жиддадан Ошко түз каттамдарды ишке ашыра баштады. Эми Бишкекке каттамдарды ачууну пландоодо. Сауд Арабиясына туристтик виза алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү”, – деди элчи.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Сауд Аравиянын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Имангазиев эки өлкө салттуу түрдө дин, билим берүү багытында да тыгыз кызматташаарын айтып, ушул жумада САПтын тажрыйбалуу мугалимдери Бишкек жана Ош шаарларындагы мамлекеттик жогорку окуу жайларга барып араб тилин окутуу боюнча курстарды өтүп келгенин айтты.

Сауд Аравия өкмөтү Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери ишке ашырылып жаткан өнүктүрүү программаларын колдоого чоң көңүл буруп келет. Алсак, Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу жол куруу, саламаттык сактоо, турак-жай, билим берүү жана башка тармактарда бир катар долбоорлор каржыланууда. Бүгүнкү күндө Падышалыктын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө көрсөткөн жардамынын жалпы суммасы 123 миллиард АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий