• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткенде үч күндө 119 унаа кармалып, айып аянтчасына токтотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Автоураган” аппараттык комплекси менен Баткен облусунун аймагында рейд өткөрүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө үч күн ичинде жалпысынан 119 авто унаа кармалып, убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Алардын ичинен:

- Каттоосу убактылуу токтотулуп, издөөдө жүргөн 108 унаа;
- Соттун чечими менен издөөдө жүргөн 3 унаа;
- Айып пулун өз убагында төлөбөгөн 2 унаа;
- Жасалма мамлекеттик номур менен жүргөн 2 унаа;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 2 унаа.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мындай рейддик иш-чараларды башка облустарда да улантат.

Пикир

Оставить комментарий