• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте Сауд Аравиянын Улуттук күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 23.09.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Бишкекте бүгүн жыл сайын 23-сентябрда майрамдалып келген Сауд Аравия Падышачылыгынын Улуттук күнүнүн 94 жылдыгы белгиленди.

Иш-чара Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага Сауд Аравиянын элчиси Ибрахим Аль -Ради-Сауд, Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Жогорку Кеңештин депуттары, бир катар элчилер, коомдук ишмерлер, журналисттер жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Иш-чаранын алкагында Сауд Аравия өлкөсүнүн улуттук тамак-аштары, каада-салты, үрп-адаты жана туризм тармагындагы сүрөт көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Маалымат үчүн: VII кылымда пайда болгон ислам дини 632-жылы Мухаммед пайгамбар өлгөндөн кийин аймак тездик менен кеңейип, бир нече таасирдүү араб династиялары түптөлгөн. Төрт аймак: Хизжаз, Нажд, Чыгыш Аравия жана Түштүк Аравия өлкөсү Абдулазиз бин Абдул Рахман тарабынан бириктирилип, 1932-жылы азыркы Сауд Аравия өлкөсү түптөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий