Бишкекте сейилдөө аянтчасы көрктөндүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Феликс Дзержинский атындагы сейилдөө аянтчасын көрктөндүрүү иштери аяктап, ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары, ардагерлер, коноктор жана милиция кызматкерлери балдары менен катышты.

“Ички иштер министрлигинин демилгеси менен ведомствонун бет маңдайындагы кароосуз калган сейилдөө аянтчаны көрктөндүрүү иштери колго алынып, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Шаарга, анын ичинде Ички иштер министрлигинин айланасына көрк берип, көңүлдү кубандыра турган сейил бак болду. Эми ушул тегеректе жашаган тургундар, милиция кызматкерлери бош убактысында бул жакта эс алып туруусуна шарт түзүлдү. Айланасы гүлдөргө оролуп, кооздолгон отургучтар жана видеокамералар орнотулду”, - деди иш-чарада сөз сүйлөгөн Улан Ниязбеков.

Ал ошондой эле милиция кызматкерлеринин балдарын жайдын жадыраган алгачкы күнүндөгү майрамы менен куттуктап, элдин кызматында жүргөн ата-энелери менен аман болушуп, келечекте мекенин урматтап, элине кызмат кылган чыгаан уул-кыздардан болушун каалады.

“Урматтуу келечек ээлери! Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бактылуу балалыктын доорун сүрүп, ата-эненин мээриминде чоңоюңуздар”, - деп куттуктоосун жолдоду ИИМ башчысы.

Иш-чаранын жүрүшүндө майрамга карата балдарга балмуздак, таттуулар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий