• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Казакстан: Дарига Назарбаева быйыл өтө турган президенттик шайлоого катышпайт

Коом 0

Бишкек. 09.04.19 /Кабар/. Дарига Назарбаева – Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы – быйыл өтө турган кезексиз президенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу tengrinews.kz басылмасына Назарбаеванын жардамчысы Сауле Мустафаева билдирди.

"Жок, Дарига Нурсултановна ат салышпайт", – деп Мустафаева телефон аркылуу маалымдады.

Эске салсак, Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт.

Маалым болгондой, 19-мартта Казакстандын тунгуч президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өз эрки менен отставкага кеткен.

Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети Касым-Жомарт Токаевге жүктөлгөн. Ал буга чейин казак парламентинин сенатынын төрагасы болчу.

Пикир

Оставить комментарий