• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте эки жаранга жашыл аянтка унаа токтоткону үчүн айып салынды

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Бишкекте рейддин жүрүшүндө эки жаранга жашыл аянтка унаа токтоткону үчүн айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, айдоочуларга карата КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 5500 сомдон айып салынды.

Эреже бузуулар Г.Айтиев көчөсүндөгү турак үйлөрдүн жанында катталды. Айдоочулар унааларын бактын арасына, ошондой эле жашыл аянтты ээлеген жерлерге токтотушкан.

Муниципалдык инспекция шаардыктарды унааларын жашыл аймактарга калтырбоону өтүнөт жана туура эмес жерлерге токтотуу үчүн жеке адамдарга 5500 сом, ал эми юридикалык жактарга 17000 сом айыппул салынарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий