• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте шаардыктарга аялдамаларда беткап кийип жүрүү эскертилет

Коом 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана эрежелердин сакталышын эскертет.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, троллейбус жана автобустарда беткап режимин сактоону эскерткен баннерлер илинди.

"Урматтуу шаардыктар, коомдук транспортто баратканда бардык коопсуздук эрежелерин, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колуңузду тез-тез жууп туруңуздар", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда борбор калаада эпидемиологиялык абал курчуп, ооругандардын саны өсүп жатат. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр.

Пикир

Оставить комментарий