• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда сейрек куштардын 400дөн ашык түрү бар

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда жаныбарлар менен куштардын сейрек түрлөрүнүн саны өсүүдө. Аны “Хан Теңири” мамлекеттик табигый паркы жана “Ысык-Көл” мамлекеттик коругундагы фото капкандардан алынган сүрөттөр көрсөтүүдө. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Мамлекеттик агенттик билдиргендей, жылына Кыргызстанга келгин куштардын 350 түрү учуп келет. 15 жыл мурун ак илбирс жоголуу коркунучунда турса, учурда ал өзү байырлаган жерлерине келе баштады.

“Хан Теңири” мамлекеттик табигый паркынын жалпы аянты 275 миң 800,3 гектарды түзүп, Орто Азиянын ири парктарынын бири болот. Ал жерде Кызыл китепке кирген куштардын 100 түрү, жапайы жаныбарлардын 30 түрү бар.

Белгилей кетсек, “Ысык-Көл” мамлекеттик коругунун аймагы 18 миң 809 гектар. Ал аймакта өсүмдүктөрдүн 300дөн ашык түрү өсүп, Кызыл китепке кирген куштардын 200дөн ашык түрү жана 25ге жакын жапайы жаныбарлардын түрү бар.

Учурда Кыргызстанда сейрек куштардын 400дөн ашык түрү бар. Алардын 57си Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий