• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Бишкекте шаарлар аралык каттамдардын башталгыч пункттары өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы батыш автобекети, анын ичинде "Акжол" кичи автобекети толугу менен ишин токтотуп, көчүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Азыркы учурда "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасы штаттык режимде иштеп жатат, ал эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт. Алсак, Нарын жана Ысык-Көл облустарына каттамдар Алма-Ата, 1/1 дареги боюнча "Бишкек автобекети" МИнин жаңы автобекетинен жөнөйт.

Белгилей кетсек, №13, 34 автобус каттамдары жана №123, 128 кичи автобус каттамдары "Бишкек автобекети"МИнин жаңы автобекетине чейин каттайт. Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына каттаган каттамдар Бишкектин батыш тарабындагы жаңы "Ак-Кула" ат майданы курула турчу аймактан жөнөйт. "Ак-Кула" ат майданы жайгаша турчу жерге чейин №13, 40 автобус каттамдары жана №258 кичи автобус барат.

Муниципалитет чыгыш тарапка барууну пландаган бардык жүргүнчүлөрдү Алма-Ата, 1/1 дареги боюнча "Бишкек автовокзалы" МИнин жаңы автовокзалына, батыш багытында "Ак-Кула" жаңы ипподрому тараптагы (МАИ постунун жанында) дарекке барууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий