• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 22-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө ШКУга мүчө бардык өлкөлөрдүн башкы прокурорлору жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары чагылдырылган отурумдун протоколуна кол коюшту.

Кол коюлган протокол ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокуратураларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча макулдашылган чараларды, ошондой эле аймактагы укук тартибин жана коопсуздукту жакшыртуу боюнча стратегияларды камтыйт.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун кезектеги жыйынына төрагалык кылуу Пакистанга өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий