• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте “скрипканын ханзаадасы” Даниэль Лозаковичтин концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Бишкекте Даниэль Лозакович 23-жаштагы белгилүү швециялык скрипка-виртуозу, кыргыздын жээни, “скрипканын ханзаадасы” Даниэль Лозакович Моцарт менен Сибелиусту аткарат.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, Даниэлди бала кезинде окуткан Михаил Казиникти атайын Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте өтө турган концертине чакырган.

Михаил Казиник кыргыз музыка сүйүүчүлөрүн улуу композиторлордун укмуштуудай сырлары менен тааныштырат.

Бул концерт классикалык музыканын бардык күйөрмандары үчүн чыныгы музыкалык майрам жана дээрлик 300 жыл болгон Страдивари скрипкасынын үнүн угууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет.

Датасы: 29-август

Убактысы: саат 19:00

Өтүүчү жери: Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы.

Пикир

Оставить комментарий