• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте скутердин айдоочусу эки адамды сүзүп, алардын бири каза болду – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Бишкекте скутердин айдоочусу жөө бара жаткан эки адамды сүзүп, алардын бири каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда болжол менен кечки саат 21:15 чамасында 1992-жылы туулган Д. Т.аттуу жаран Чүй проспектиси менен скутер айдап бара жатып 1995-жылы туулган С.Н. жана 1993-жылы туулган С.Т. аттуу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, андан ары 2001-жылы туулган Н.Э. башкаруусундагы "Хундай-Соната" үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Натыйжада жөө жүргүнчүлөрдүн бири 1993-жылы туулган С.Т. денесинен алган жаракатынан улам каза болуп, ал эми С.Н. ооруканага жеткирилген.

Аталган факт боюнча Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголду.

Кылмыш ишинин алкагында жол кырсыгынын бардык катышуучулары суралды. Мындан тышкары, өлүмдүн себебин жана ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза, транспорт каражаттарына соттук-автотехникалык жана трассологиялык экспертизалары дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча мыйзам талаптарына ылайык чечим кабыл алынат.

Ал эми шектүү 1992-жылы туулган Д.Т. Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий