• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте студентинен пара алып жаткан мугалим кармалды (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин мугалими студенттен 1 миң 500 доллар талап кылган, аны пара алып жаткан жеринен кармашкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

ЭКККМКна аталган окуу жайдын студенти арыз менен кайрылган, анын айтуусунда, кафедранын башчысы дипломдук ишин даярдоого жана ийгиликтүү жактоого акча талап кылган.

Ыкчам-издөө иш-чаранын жүрүшүндө 1 миң АКШ долларын алып жаткан кезде Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин ага мугалими К.А., аттуу жаран кармалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий