• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте Snow Leopard Run 2024 V жарым марафону өтөт

Бизнес 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. 29-сентябрда Бишкекте Snow Leopard Run 2024 V эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. Спорттук иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурат.

Жарыш борбордук Ала-Тоо аянтында башталат. Маршрут Чүй проспектиси, Юсуп Абдрахманов көчөсү, ВДНХ Чыңгыз Айтматов проспектисин камтыйт. Жарым марафонго быйыл 4,5 миңдей адам катышары күтүлүүдө. Каттоо төмөнкү аралыктарга жүргүзүлөт: 5 км, 14 км, 21,1 км, ошондой эле үч жаштан он үч жашка чейинки балдар үчүн "Kulikov Kid’s Run" жарышына каттоо ачылды.

Snow Leopard Run 2024 спорттук иш-чарасы эң сейрек кездешүүчү жаныбарлардын бири болгон ак илбирсти коргоо үчүн миңдеген адамдардын күч-аракетин бириктирүүгө багытталган. Анда жарыштын ар бир катышуучусу Кыргызстандын экологиясын сактап калууга өз салымын кошо алат.

2019-жылдагы жарым марафондо чогултулган каражаттардын бир бөлүгү Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программа үчүн фотокармагычтарды сатып алууга жумшалды. 2021-жылы – Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын аңсакчылары жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактарга байкоо жүргүзүү үчүн "Нива" автоунаасы сатып алынган. 2022-жылы жарыштын катышуучуларынын салымынын аркасында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо заманбап воркаут аянтчасы пайда болгон.

Өткөн жылы добуш берүү аркылуу жарым марафондун катышуучулары каражатты Гареев атындагы Ботаникалык бакты колдоого жумшоону чечишти. Анын кызматкерлерине 39дан ашык атайын техниканы тапшырылды. Мындай көлөмдөгү жардам Ботаникалык бакчага биринчи жолу көрсөтүлүп жатат. Мунун баары марафондун катышуучулары – жөө күлүктөр жана профессионал жеңил атлеттердин аркасы менен ишке ашууда", - дейт Nomad Sport төрагасы Арслан Малдыбаев.

Белгилей кетсек, бул ирет Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги марафондун эл аралык маалыматтык өнөктөшү болууда.

Жарышка катышууну каалагандар www.nomadsport.net сайтында катталса болот.

Кошумча маалымат үчүн телефондор: +996 554 60 07 07 жана office@nomadsport.kg почтасы аркылуу кайрылыңыздар

Маалымат үчүн: Nomad Sport компаниясы 2018-жылы түптөлгөн, ал учурда бир пикирдеш-энтузиасттар тобу Кыргызстанда массалык спортту жана сергек жашоонун принциптерин жайылтууну чечкен. Бүгүнкү күндө Nomad Sport спорттун үч түрүн: чуркоо, велоспорт жана сууда сүзүүнү жайылтат, ошондой эле төмөнкү багыттар боюнча кызыктуу спорттук иш-чараларды уюштурат: жарыш, веложарыш, сууда сүзүү, триатлон жана башка.

Snow Leopard Run 2024 программасы

29-сентябрь, 2024-жыл – Старт күнү

05:30 – Катышуучуларды чогултуу, кампаны ачуу;

06:00 – Иш-чаранын ачылышы жана куттуктоо сөздөрү;

06:20 – Катышуучулар үчүн брифинг;

06:40 – 21,1 км жана 14 км аралыкка катышуучулар үчүн даярдануу;

07:00 – 21.1 км аралыкка старт;

07:05 – 14 км аралыкка старт;

08:00 – 5 км аралыкка катышуучуларды чогултуу (Ормон-Хандын эстелиги, ориентир: Ак-Кеме мейманканасы);

08:40 – 5 км аралыкка катышуучулар үчүн даярдануу;

09:00 – 5 км аралыкка старт;

10:00 – Балдардын жарышынын брифинги. Балдар үчүн интерактив;

10:40 – Балдардын жарышынын катышуучулары үчүн даярдануу;

11:00 – Балдардын жарышынын башталышы;

12:30 – Спорттук иш-чаранын жабылышы.

Саат 9:30дан 12:30га чейин – Жеңүүчүлөрдү сыйлоо (жыйынтыктар даяр болору менен), ошондой эле шоу-программа жана интерактивдүү иш-чаралар өтөт.

Пикир

Оставить комментарий