• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Яндекс Go Кыргызстандын дагы жети шаарында иштей баштады

Бизнес 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Яндекс Go сервиси Кыргызстандын дагы жети шаарында иштей баштады. Жыл башынан тартып такси чакыруу тиркемеси Нарын, Талас, Балыкчы, Баткен, Кызыл-Кия, Өзгөн жана Базар-Коргондун жашоочулары үчүн жеткиликтүү болуп калды.

Нарын, Талас жана Балыкчыда сапардын баасы 20 сомдон, ал эми өлкө түштүгүндөгү жаӊы шаарларда – 22 сомдон башталат. Жол кирени жүргүнчүгө ыӊгайлуу ыкмада – накталай же тиркемеге байланган банк картасы менен төлөгөнгө болот.

«Биз өлкөнүн ар кыл облустарынын жашоочуларына автоунаа чакыруунун эӊ ыкчам жолу жана өзгөчө маанилүү жагы, арзан баада жеткиликтүү болушун каалайбыз. Биздин коопсуздук технологиялар дайыма өнүгүүдө жана бүткүл өлкө боюнча иштеп жатат. Технологиянын жардамы аркылуу айдоочулардын бош туруп калбаганы, чакыруулардын тынымсыз болуп турушу алардын кирешесин тынымсыз өстүрүүгө мүмкүндүк түзөт», - дейт Кыргызстандагы Яндекс Go компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов.

Сервисте күнү-түнү онлайн-колдоо кызматы жеткиликтүү. Эгерде жүргүнчү сапарга нааразы болсо, машинада буюмун унутуп калса же суроо бергиси келсе. анда тиркеме аркылуу колдоо кызматы байланыша алат жана ага жардам беришет.

Кыргызстанда Яндекс Go компаниясы 2017-жылдын күзүндө пайда болгон. Бүгүнкү күнү сервисти өлкөнүн 13 шаарында пайдаланууга болот. Такси чакыруу үчүн акысыз тиркеме iOS жана Android үчүн кыргыз, орус, англис жана башка тилдерде жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий